“Тагдыр” көрсөтүүбүздүн бул жолку каарманы 29 жаштагы Айзат Маматназар кызы. Ал турмуштун сыноосуна кабылып, учурда жардамга муктаж болуп жатканын айтат. Каарманыбыз кичине кезинен апасынан айрылып, 5-классты аяктаган соң, Орусияда бала багуучу болуп иштөөгө мажбур болгон. Кыргызстанга кайтып келгенде атасынын үйлөнүп алганын билген. Үйгө батпаган кыз кафеде иштеп, өз жанын өзү багып жүргөндө, ала качып кеткен. 20 жашында турмушка чыгып, 5-6 жылдай жашап, кайненесинин кийлигишүүсүнөн улам түгөйлөр эки жолго түшүшкөн.
«Иштейин дейм, балдарымды ким карайт. Азыр «бирөөсүнө 150 сом» деп жатышат. Экөөнө 300 сом болсо, бир күндүк акчам азык-түлүккө жетпей калып жатпайбы. Анын үстүнө кичүүм көбүрөөк ыйлап калса, талмасы кармап калат. Ошондон корком. Өзүм караганда, көзүн карап, ыйлатпаганга аракет кылам. Май болсо, кесмебиз жок. Кесме болсо, май жок болуп калат. Кээде кесмени эле сууга бышырып берем. «Акчаңыз болгондо, мага чоң балмуздак алып бересизби?» деп жалдырап келет. Ошондуктан баламды көп эшикке чыгарбайм. А кичинекейим көп түшүнө элек. Эптеп эле балдарымдын курсагы тойсо экен дейм», — дейт келин.












