Фейсбук колдонуучусу Замира Мамбетова «Не сахар» берүүсүнүн негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокуловду «3 баласы, келинчеги бар экенине карабай, бойдокмун деп, бардар үй-бүлөдөгү депутат айымга үйлөнүүгө аракет кылып жүрөт», «элиткада» бир эмес, эки батири болгонуна карабай, ата-энем кепедей үйдө турушат деп, депутаттарга тиешелүү батирге кирүү үчүн «Не сахар» долбоорун аралаштырып коркутуп жүрөт» деген өңүттө билдирүү калтырган.
Эрулан Кокулов кечээ, 5-июль күнү тартуучу топ менен жогорудагы сөздөрдү тараткан аялга жолугуп, айткан сөздөрүн далилдеп берүүсүн талап кылды. «Менин «элиткада» батирим болуп, ага Умар Дадановду жайгаштырып койгонум чын болсо, анда кайсы даректе экен, айтыңызчы» дегенде ал аял азыр көрсөтөм дегени менен бир да далил көрсөтө алган эмес.
«Алгач 3 балаңды, жубайыңды эмнеге жашырасың?!» деп кайра «3-балаңды жубайың жакында төрөгөнү калды» деп сөздөрүнөн адашканын көрүүгө болот. Депутат апасына чалып, жеке жашоосуна байланыштуу маалыматтарды тактаткан. Апасынын айтымында, Эрулан Кокулов «Не сахар» долбоору чыкканга чейин ажырашкан.









