Эртең, 3-июлда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөн зонасында, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36:
Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз+30…+35;
Баткен облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23 градус, күндүз +34…+36 градус болот.