Эртең, 3-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11.. +16, күндүз +29 … +34;
Талас жергесинде түнкүсүн +10… +15, күндүз +27… +32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12… +17, күндүз +28… +33;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +6… +11, күндүз +17 … +22;
Нарында түнкүсүн +5… +10; күндүз +15… +20;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14… +16, күндүз +29… +31 градус болот.








