2022-жылдын 17-сентябрында Тажикстандын кол салуусунан прапорщик Ыслам уулу Бектур кызмат учурунда каза болгон. Ал 31 жашта болчу. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакындары кайрылып, мамлекет убадалаган үй берилбей жатканын билдиришти.
«Артында 3 баласы калды. Үчүнчүсү ушул жылдын 10-январында төрөлдү. Бизге убадаланган үй дагы деле бериле элек. Бизге Бишкектен үй берилген, бирок ал үйдүн абалы өтө начар болчу. Анын үстүнө Бишкек алыс болуп калат. Балдар да кичинекей, каралашканга адам жок. Апасы 2-топтогу майып. Бишкектеги үйдөн баш тартып, Оштон бергиле деп суранганбыз. Оштон 15-ноябрга чейин беребиз деп убадалашкан, бирок дагы эле жок», — дешти.
Тажикстандын кол салуусунан прапорщик Ыслам уулу Бектур 1991-жылы Ош облусунун Жапалак айылында туулган. Ал №2001 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн учурунда каза болгон.
Уй берилиш керек мамлекет эмнени карап атасынар