Abank
SerepTV Logo

“3 күндөн бери 3 балам менен бекетте түнөп жатам” деген келин жардамга муктаж экенин айтты

“3 күндөн бери 3 балам менен бекетте түнөп жатам” деген келин жардамга муктаж экенин айтты
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 31 жаштагы Наргиза Кубанычбек кызы кайрылып, 3 баласы менен автобекетте жашап жатканын билдирди. Келиндин айтымында, баласынын эң кичүүсү 2 айлык. Алардын барарга жери жок, 3 баласы менен көчөдө күн өткөрүүгө мажбур болуп жатат. “Өзүмдүн ден соолугумдан мүмкүнчүлүгүм чектелген. Рак илдетине чалдыккам. Жолдошум экөөбүз тең балдар үйүндө чоңойгонбуз. Казакстанда мал багып иштедик. Жолдошум кургак учук менен ооруп калганда, 20 миң сом берип жөнөтүштү. Жолдошум каза болду. Өлүкканадан сөөгүн ала албай калдым. Бирок кайсы жерге бергенин көрсөтүштү. Мечитте жашап жүрдүк, 10 күндөн кийин чыгарып коюшту. Бүгүн 3-күн ушул жердебиз. Кичүү балам сасык тумоолоп ооруп жатат. Даараткана жууп, кайрымдуу адамдар тамак берип, жашап жатабыз”, - деди ал. Жардам берүүнү каалагандар үчүн: 0706809019.