3-майдан тарта тарта биометрикалык жалпы жарандык паспортторго документтерди кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Учурда жабдууларды орнотуу жана сыноо иретинде паспорттордун бланкаларын басып чыгаруу иштери жүрүп жатат, ошондой эле программалык камсыздоо аягына чыгып калды.
2020-жылкы үлгүдөгү биометрикалык жалпы жарандык паспорттордун баалары аныкталды:
- 50 барактуу паспорттун баасы 920 сом болот, бул жерде банктык алым (комиссия) эсептелбеген. Аны эсептегенде үстүнө 20-30 сом кошулат.
- 34 барактуусу 857 сом, бул да банктык алым кошулбагандагы баа.
Жаңы үлгүдөгү паспорт эки вариантта чыгарылат, аны жарандар өз каалоосуна жараша тандап алат. 50 барактуу паспорт чет өлкөгө көп чыккандарга ыңгайлуу. 34 барактуусу болсо, мурдагыдай эле 2006-жылы чыккан жалпы жарандык паспорт сыяктуу. Жаңы үлгүдөгү паспортто ээсинин жеке маалыматтары, санарип сүрөтү, колунун изи электрондук түрдө сакталат.