Биз бул ирет Сокулук районунун Маловодное айылында 30 бала менен очор-бачар жашаган үй-бүлөнүн үйүнө бардык. Балдардын атасы “Өзүмдүн 5 балама кошуп, багар-көрөрү жок 25 баланы асырап алгам” дейт.
«Менин өзүмдүн 5 балам бар. Алар чоңоюшту. Бул ишти баштаганда балдар кичине болчу. Алардан тышкары 25 балам бар. Бизге 7 облустан келип түшөт, мигранттар кайрылат. Ата-энелери жок, жарым-жартылай жетимдер бар жана социалдык жетимдер бар», — деди ал.
Ал ошондой эле балдар аны ата, жубайын апа дешерин айтты. «Бир туугандар бар. 25 бала бир туугандай жашашат. Улууларын эже, ага дешет»,- деди ал.