Эртең, 31-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоолуу аймактардагы унаа жолдор тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +4…+9;
Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8;
Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 градус, күндүз +6…+8 градус болот.