35 килограмм болгон 29 жаштагы жигит: «Унаа сүзүп кетип, операция болгуча салмагым жакшы болчу»

Улан Съездбек уулу 29 жашта. 3 баланын атасы. Ал 12 жашында жол кырсыкка кабылгандан кийин булчуңдары азайып, кийин дээрлик жокко эсе болуп калганын айтат. “Мени жубайым жуунтат, балдарымды көтөрүүгө алым келбейт” деген каарманыбыздын баянын көрүңүз.

«Бала кезимде унаа сүзүп кеткен. 2012-жылы операция болдум. Ага чейин салмагым жакшы болчу. Азыр 40 килограммга жетпейм. 35 килограммдын айланасында. Бул салмак менен жүрүш кыйын. Тепкичке да чыга албайм», — деди ал.

Ал салмактын айынан иш да кыла албарын, үйдөгү иштерди жубайы менен апасы кыларын айтты.