4-5-сентябрь күндөрү өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн», — дешти.