«4 ага, 2 эжесинин кенжетайы болчу». Тажик тараптын кол салуусунан каза болгон Мирлан Какеевдин сөөгү жерге берилди

Кечээ, 18-сентябрда Аламүдүн районунун Константиновка айылында Мирлан Какеевдин сөөгү жерге берилди.

Мирлан Какеев Константиновка айылында 1988-жылы 8-мартта төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы болчу. 2006-2007 жылдары Сокулук районуна караштуу ӨКМде кызмат ишин баштап, 2021-жылдан тартып Аламүдүн районуна караштуу ӨКМде кызмат өтөгөн.

2022-жылдын июнь айынан тартып Баткен облусундагы № 707 аскер бөлүгүндө келишимдин негизинде кызмат өтөп, мекендин чек арасын коргоо милдетин аткарып жаткан. «Жүрөгү мекен деп соккон Мирлан турмуштун оор сыноосун эрте тартты. 11 жашында жетим калып, төрт ага жана эки эжесинин кенжетайы болсо да, турмуш эрте тарбиялады. Жайдары мүнөз, ак көңүл Мирлан бала кезинен эле мекенин коргоону кыялданып, өлкө үчүн күйгөн чыныгы патриот эле», — деп айтылат маалыматта.