Бул жолу биздин телеканалга 4 баласы менен борбор калаанын батыш автобекетинин жүргүнчүлөрдү күтүү залында жашап жаткан Гүлбахор Каримова кайрылды. Каарманыбыз аларды батир ээси батирдин акчасын төлөй албай калганы үчүн чыгарып койгонун айтат. Мындан улам, ал балдарына кошуп жууркан-төшөгүн жанына көтөрүнүп автобекетте күн кечирүүдө. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0500 02 04 08.
«Батирдин акчасын төлөй албагандыктан чыгып кеттик. Биз күндүз «Ош базарында» жүрүп, кечкисин автобекетке келип жатабыз. 8-9 күндөн бери ушул жакта жүрүп жатабыз. Башка айлам жок калды. Балдарымдын атасы кайсы жерде жүрөт билбейм. 7 жыл чогуу жашап, 3 балалуу болдук. 4-балам боюмда бар кезде башкага үйлөнүп кетти. 5 жылдан бери өзүм багып келе жатам»,- деди ал.
Ата-эне, бир туугандары жок бекен? Азыркы маалда кимдин эле күйөөсү багып жатыптыр? Тыпылдатып иштеп эле балдарын вокзалдатпай эле багып жатышат го энелер!? Бул эне эне болууга татыктуубу деген ой келди…
Вроде балдары тыпыйта кийинген. Көчөлөтпөй белди бекем буу да, тигүү цехине кирип иштеп бак.
Швеялар азыр жумасына 5000сомдон жогору табат, алды 20миңден алат экен го