“4 майыпты дагарага салып жуунтам” деген жаш атанын кичүү кызы чарчап калды

Ушул жылдын март айында SUPERTV телеканалына “4 майыпты дагарага салып жуунтам” деген жаш атанын видеосу жарыяланган. 31 жаштагы каарман мүмкүнчүлүгү чектелген 4 үй-бүлө мүчөсүн вагондо багып жаткан тагдырын айтып берген эле.

Каарман бир кызы ракка чалдыкканын, дагы бир кызы башынан жабыркай тургандыгын билдирген. Каармандын досунун айтымында, кечээ, 15-июнда 4 жаштагы кичүү кызы чарчап калды.