4-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 4-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +15…+20.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +23…+25 градус болот.