Президент Садыр Жапаров кечээ, 15-ноябрда Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кара-Суу районундагы “Евро Азия Групп” индустриалдык-логистикалык борборун ишке киргизүү аземине катышты.
Жалпы суммасы 40 миллион долларды түзгөн долбоор жеке инвестициялардын жана фонддор менен банктардын колдоосунун негизинде ишке ашырылды. Борбор тигүү буюмдарын чыгарууга адистешкен жана долбоордук кубаттуулугу жылына 1 миллион бирдикти түзөт. Муну менен 600 жаңы жумуш орундары түзүлөт. Садыр Жапаров өндүрүш менен таанышып, индустриалдык-логистикалык комплекстин ачылышы региондун өнөр жайын жана инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөөрүн белгиледи.
Көп аял алууга уруксат берген фатва светтик мыйзамдарды бузбайт. Бул тууралуу Орусиянын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Равиль Гайнутдин көп аялдуулукка...
23-декабрда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…+3, Талас өрөөнүндө түнкүсүн...
Бүгүн, 22-декабрында 101 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, акын жана жазуучу Асек Урманбетов дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу президенттин...
"Мамлекет аймактардын жашоочулары үчүн ипотекалык турак-жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт". Бул тууралуу президент Садыр Жапаров үчүнчү Элдик Курултайдын жүрүшүндө делегаттардын суроолоруна жооп...