46 Кыргыз жараны Тажикстандын кол салуусунан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен 18-сентябрь саат 17:00гө карата алынган маалыматка жараша билдиришти.
Баткен облусунан алынган оперативдүү маалымат боюнча, ооруканаларга дагы 10 каза болгон адамдын сөөгү келген. Тажикстандын кол салуусунан каза болгондордун жалпы саны 46 кишини түздү.