«5 жыл көчө шыпырып иштегем». Бишкек мэри шаардагы сүйүктүү жери тууралуу айтып берди

Бүгүн, 29-апрелде борбор шаарга 144 жыл толду. Kaktus.media Бишкектин мэринен шаардагы эң жакшы көргөн жер кайсы экенин сурады. Эмилбек Абдыкадыровдун борбордогу эң жакшы көргөн жери Эркиндик бульвары болуп чыкты. 

«Мындан 35-40 жыл мурун 5 жыл көчө шыпырып иштеп, анын ичинде Эркиндик гүл багын шыпырдым. Бул кооз жер менин эсимде калды. Бул жерде Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу атактуу инсандарыбыз эс алып кетишчү. Алар менен баарлашчумун. Ошондуктан мен Эркиндик бульварын жакшы көрөм», — деди мэр.