5-мартта өлкөдө көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6;
Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +3…+5 градус.