5-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 5-сентябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +31…+36,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +29…+34,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29,

Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +25…+30,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +34…+36 градус болот.