7 миллионунчу кыргызстандыктын ата-энесине 200 миң сом жана 1 миллион сомдук сертификат тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында өлкөбүздүн 7 миллионунчу жараны Жакшылыктын ата-энеси болуу бактысына туш келген Валижан жана Айжаркын Абдрасуловдор менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн имаратында 7 миллионунчу жаранга 16 жашка чыкканда 11,5 миллион сомго жакын суммадагы каражат топтолчу депозиттик эсеп ачуу үчүн 1 миллион сом суммасындагы сертификатты тапшыруу аземи орун алды. Мындан тышкары, наристенин ата-энеси 200 миң сомдук сертификат алат.

«Өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек шаарынан жети миллионунчу кыргызстандык менен бир мезгилде төрөлгөн 8 ымыркайдын ата-энелерине да 200 миң сомдон берилет. Балдардын ата-энелерине көрсөтүлгөн суммага сертификат жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан берилет»,- дешти.