«8 жигит эми гана үйлөнүп, балалуу болушкан». Тажикстандын кол салуусунан каза болгон 28 аскер бойдок болчу

«Балдарыбыз сизди, бизди коргойм деп курман болушту». Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги чек арада каза болгондорду эскерип жатып айтты.

«49 аскер кызматкери каза болду. Алардын 42си чек ара кызматкери, бешөө ИИМден, бирөө ӨКМден жана бирөө коргоо министрлигинен. 19 жаштан 42 жашка чейинки кырчындай жигиттер каза болду. 19 жаштагы 3 жигитибиз каза болду. 42 жаштагы бир киши каза болду. Негизинен балдардын көпчүлүгү 20дан 30 жашка чейинкилер. Ошолордун 28и бойдок жигиттер болчу. 8и эми гана үйлөнгөн, эми гана балалуу болгондор эле. Булар дагы көп жашоону көрө турган жигиттер болчу. Балдарыбыздын эрдиги түбөлүк мамлекеттин жүрөгүндө сакталат», — деди ал.