Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, белгилүү саясий жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкуловдун чөп чабыкта жүргөн сүрөттөрүн журналист Манас Осмон соцтармактагы баракчасына бөлүштү.
«Кыргыздын жаштары энергетик ичип, ресторандарда түн жарымга чейин тамак жеп, ден соолугун талкалап атканда 83 жашка чыккан Медеткан Шеримкулов чөп чаап, чөп ташып, бүткүл кыргызга өрнөк болуп жатат. Бизчи, же кыйратып иште жок, же билимде жок, же бизнесте жок, же бийликте жок жүрөбүз челектей ичти сылап», — деп жазылат билдирүүдө.
Медеткан Шеримкулов 1939-жылдын 17-ноябрында Сокулук районуна караштуу Жыламыш айылында туулган.