Кыргызстанда 93 жаштагы хирург академик Мамбет Мамакеев орусиялык «Sputnik V» коронавируска каршы вакцинасын Кыргызстанда биринчилерден болуп алды.
«Өзүңүздү кандай сезип жатасыз?» деген суроого «мыкты» деп жооп берди.
Мамбет Мамакеев менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев барды.
Эске салсак, кечээ, 22-апрелде Кыргызстанга Орусиядан «Sputnik V» вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинген эле. Бүгүн алып келинген вакцинанын аймактарга жөнөтүлөрү айтылган.










