Абакта тинтүү жүрүп жайнаган бычак менен телефондор табылды (сүрөт)
24-январда Жазаларды аткаруу кызматынын 2024-жылга карата иш-чаралар планына ылайык, терс маанайдагы соттолгондордун тобунун башкаларга тийгизген таасирин алдын алуу, ошондой эле тыюу салынган буюмдарды табуу жана конфискациялоо, мүмкүн болгон жер астындагы казууларды жана башка качууга даярдыктарды табуу максатында ЖАКтын мекенмелеринин биринде жалпы тинтүү жүргүзүлгөн.
Масштабдуу операциянын натыйжасында төмөнкү тыюу салынган буюмдар табылып алынды:
- ар кандай үлгүдөгү мобилдик байланыш шаймандары - 95 бирдик;
- саюучу-кесүүчү буюмдар - 163 даана;
- акча каражаттары - 2240 сом;
- түзөтүү мекемесинин ички эрежелери менен тыюу салынган түрдүү буюмдар (заряддоочу түзүлүштөр, аккумуляторлор жана мобилдик телефондор үчүн кулакчындар, оюн карталары) - 340 даана.
Натыйжада, ички тартип эрежелерине баш ийбеген абактагы жарандар айып изоляторуна киргизилди. Соттолгон жарандарга мыйзамдын талаптарын так аткарууда, тыюу салынган нерселерди жабык жайларда колдонбоо жана алып жүрбөө боюнча кызматкерлер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="225136,225137,225138"]