Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00 чамасында кыргыз-тажик чек арасында эки тараптуу ок атуулар башталды. Муну мен агрессия деп санайм. Анткени биз күтпөгөн жерден алар атып жатышат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.
«Учурда биз тараптан да чара көрүлүүүдө. Тиешелүү сүйлөшүү жүрүп жатат. Ок атуу токтоло элек», — деди ал.
Ал ошондой эле жарандарды эвакуациялоо боюнча да маалымат берди. «Чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары чыгарылып жатат. Алар өзүлөрүнүн унаалары менен чыгып кетишүүдө, аларга ӨКМдин кызматкерлери да жардам көрсөтүүдө. Бул жердеги чайкана, ресторандарды даярдап жатабыз. Алардын бара турчу жери даяр. Айылдарда эч кимди калтырбоонун аракетин көрүп жатабыз», — деди ал.










