Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин атасынын үйүнүн айланасында болуп жактан акыркы окуялар боюнча экс-депутат Рыскелди Момбеков өз пикирин айтты.
Анын айтымында, атанын конушу бул атанын балага калтырган кереги же белеги. «Муну мурас дешет ырасында. Жогорку сүрөттөгү Шаршен атанын Арашан айылындагы тамы, оболу ошол адамдын уулдарынын, урпактарынын улуу мурасы. Асыресе ал үйдө эч ким жашабайт, үй-бүлөлүк музей. Чыныгы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин балачагы гана эмес, анын уулдары Сеид менен Сейтектин ойноп чоңойгон ордосу. Атамбаевдердин тарыхы ушул тамдан тарагандыктан, аны көздүн карегиндей сактап келишет. Дегеним, уратпай, кулатпай урпактар үчүн үй-бүлөлүк музей катары кармап келишет. Кандай салынган болсо, ошол бойдон турат. Ал тургай, мурдагы ажонун бала кездеги керебети менен шифоньери, дубалда илинген туш кийизи да турат. Бул тарых туугандар. Тагдырын талкаласа да, тарыхын талкалабаш керек да?! Абыке, Көбөштөр да мынчалык пастыкка, мынчалык кастыкка барган эмес го! Калыстык сөзүн айта албаган карыя чалыштар, силер кайдасыңар? Үн катып койсоңор боло, үшкүрүп отура бербей… «Калыс сөзүн айтпаса, карыядан не пайда» демекчи, эртең элдин бетин кантип карайсыңар? Калыстан айта албасаңар да, алыстан айтымыш болуп койгулачы, байболгурлар», — деп жазды ал.