Abank_oct
SerepTV Logo

Бишкек шаарында жылытуу мезгили 28-октябрдан тарта башталат

Бишкек шаарында жылытуу мезгили 28-октябрдан тарта башталат
 
Бишкек шаарынын мэриясы 28-октябрдан тарта борбор калаада жылытуу мезгили башталарын маалымдайт.

Мындай чечим тышкы абанын температурасынын төмөндөшүн, гидрометеорологиялык кызматтын аба ырайы боюнча болжолун, ошондой эле турак үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылытуу үчүн электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу электр тармактарына түшкөн жүктү азайтуу зарылдыгын эске алуу менен кабыл алынды. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жылуулук берүү системасын ишке киргизүү учурунда жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Эске салсак, белгиленген критерийлерге ылайык, тышкы абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 °Cден жана андан төмөн болгон учурда жылытуу мезгили башталат.

SEREP MEDIA