Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров УКМКнын СИЗОсунан ооруканага жеткирилгенин жактоочусу Гулян Убулаева журналисттерге билдирди.
УКМКдан билдиришкендей, саясатчы чындап эле бүгүн, 26-сентябрда эртең менен УКМКнын медициналык мекемесине жеткирилген. «Бирок анын абалы турукташып калды. Учурда ал сурак берип жатат», — деген УКМКдан журналисттерге.
Адахан Мадумаров 2-сентябрда кармалып, камакка алынган. Ал мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда.