Бүгүн, 6-июлда саат 07:00дө депутат Адахан Мадумаровдун бир нече тарапташы суракка алынды. Бул тууралуу журналисттерге депутат өзү билдирген.
Муну ал Ленин районундагы Жогорку Кеңешке шайлоо менен байланыштырган. Кармалгандардын арасында Майрам Сатарова, Артур Бакиров, Мирлан Ураимов жана Сандагүл Самиева бар экени айтылууда.
УКМК маалымат бере элек.