Менин кесиптешим, Стамбулдагы адвокаттын айтымында, Орхан Инанды ушул 35 күн аралыгында кыйноого алынган, колун да сындырышкан. Бул тууралуу адвокат Таалайгул Токтакунова билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күнү Түрк ЖМКлары жазып жаткан маалыматтар чындыкка дал делбейт.
«Урматтуу достор, бүгүн түркиялык ЖМКларда чындыкка туура келбеген ар кандай маалыматтар тарап жатат. Орхан Инанды күнөөсүн мойнуна алды жана башка деп жазып жатышат. Менин кесиптешим, Стамбулдагы адвокаттын айтымында, Орхан Инанды ушул 35 күндүн ичинде кыйноого алынган, колун да сындырышкан (колдун туура эмес биригип сынганы сүрөттө көрүнүп турат). Ага карабастан, ал эч нерсени мойнуна алган жок, анткени ал эч кандай мыйзамсыз уюмдун мүчөсү эмес жана эч кандай мыйзамсыз аракеттерди жасаган эмес»,— деп жазды адвокат.