Айгүл Жапарова: «Аялзатынын негизги орду — эне болуу, балдарды тарбиялоо, үй-бүлөдөгү коломто отун жандыруу жана сактоо»

Өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова Москва шаарында 6-мартта “Кыргызстан менен Орусиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-орусиялык аялдар форумуна катышуунун алкагында Кыргызстан Аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.

“Аялзатынын негизги орду — эне болуу, балдарды татыктуу тарбиялоо, үй-бүлөдөгү коломто отун жандыруу жана сактоо экенин баарыбыз жакшы билебиз. Айымдардын уникалдуулугу мына ушунда. Заманга төп келген аялзаты бул негизги миссияларын ар кыл тармакта жасаган карьера менен чебер айкалыштырып, олуттуу ийгиликтерге жетишип жатканы мени абдан кубандырат. Бүгүнкү күндө аялзаты – үй-бүлө кутун, очогун сактоочу гана эмес, бардык кесиптин ээси, ошондой эле аялдар саясатчылардын, бизнесмендердин, ийгиликтүү адамдардын жана лидерлердин катарын толуктайт”, — деди Жапарова.

Мындан башка биринчи айым аялдардын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык турмушка активдүү катышуусуна өзгөчө көңүл бурдуртту. Алардын тынчтыкты жана достукту сактоого кошкон салымы жана башка көптөгөн аракеттери, азыркы аялзатын өзгөчө статуска ээ кылып, жаңы максаттарды аныктап берди. Ал аялдардын социалдык ролу жөнүндө жаңы түшүнүктү калыптандырган чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргыз аялдарын белгилеп өттү.

Ошондой эле Айгүл Жапарова Орусияда жашаган мекендештерге көрсөткөн колдоосу үчүн орус тарапка ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда ал мигранттарга байланыштуу өзгөчө көңүл бурууну жана чечүүнү талап кылган бир катар маселелер бар экенин баса белгиледи.