Эртең, 1-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Эртең менен жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +17…+22;
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12; күндүз +16…+21;
Баткен облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +22…+27;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19; күндүз +22…+27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12; күндүз +14…+19;
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9; күндүз +16…+21;
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +11…+13 градус, күндүз +20…+22 градус болот.