Кечээ, 11-августта Айсулуу Тыныбекова Ислам шериктештиги оюндарында алтын медаль жеңди.
Тыныбекова 1/4 финалдан баштап, Казакстандын спортчусун 12:2 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда кыргызстандык Сенегалдын өкүлүн жеңип, финалга чыкты. Финалдык беттеште Гвинеянын өкүлү менен беттешип, 11:0 эсебинде жеңишке жетти. 2017-жылы да Тыныбекова Бакуда алтын медаль тагынган.
Спортчу кыз соцтармактагы баракчасында сүрөттөр менен бөлүшүп, өлкөгө дагы бир алтын медаль алып келгенин жазды. «Бүгүнкү күн менин өлкөмдүн капчыгына дагы бир алдын медаль алып келди. Сиздердин колдооңуздар жаңы бийиктиктерге түрткү берет!«,- деп жазды ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram









