Америкалык “The War Zone” аскерий-аналитикалык басылмасы Тажикстандан аскерлер басып кирген кездеги Ак-Сай айылынын спутниктик картасын жарыялады. Сүрөт 16-сентябрда – Тажикстандын Кыргызстандын аймагына катуу чабуул жасаган күнү тартылган.
Белгилей кетсек, Ак-Сай айылы эки чоң конушка бөлүнгөн, анда үйлөр бири-бирине абдан жакын жайгашкан. Бир бөлүгү Ак-Суу дарыясына жакын (түштүк-чыгышта), экинчиси бир аз түндүк-батышта. Алардын ортосунда айдоо аянттары бар. Кошумчалай кетсек, айылдын түштүк-чыгыш тарабы Тажикстандын чек арасына жакын жайгашкан жана Ворух анклавына чыгат. Ак-Сайдын жанында бир-эки эле тажик үйү бар, андан кийин Ак-Суу дарыясы, бир нече километр адырлар, талаалар, токойлор, андан кийин гана тажиктер жашаган конуш бар.
Кадрларга караганда айылга негизги сокку дал ушул түштүк-чыгышка тийген. Негизги спутник сүрөтү Тажикстандын кол салуу учурун тартып турат. Байкоочунун айтымында, кадрдагы түтүн кыргыз айылын аткылоодон улам чыккан.
Белгилей кетсек, The War Zone басылмасы дүйнөдөгү аскерий жаңжалдарга адистешкен. Алар planet.com сайтынын жардамы менен спутниктен тартылган сүрөттү алышкан.











