Аксы райондук администрация: «Өзбекстандан дарбызды киргизбегиле деп талап кылган эл жолду тоскон. Жол ачылды»

«Элдик кабарчы» рубрикасына Аксы районунун тургундары чалып, «Өзбекстандан дарбыздарды толтуруп салып, жергиликтүү дыйкандар сата албай отуруп калышты» деп арызданышкан. Аталган окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Аксы райондук мамлекеттик администрациянын аппарат башчысы Мирлан Сагынбаев төмөнкүлөрдү билдирди.

«Эртең менен саат 10дордо 200гө жакын адам чыгышкан. Алар «Өзбекстандан дарбыз арзан баада чыгып, биздин дарбызды кымбат деп, алардыкын алып, биздики сатылбай жатат. Өкмөт Өзбекстандан чыккан дарбызды убактылуу токтотуп турса, биз дарбызыбызды сатып алсак, жакшы болот эле» деген талапты коюшту. Алардын айтуусунда, Өзбекстандан чыккан дарбыз 5 сом 80 тыйындан болуп, биздин дыйкандардыкы 25-40 сомго чейин болуп жатыптыр. Жергиликтүү бийлик, күч органдары баары барып, элдин талабын угуп, жогорку органдарга жеткирүү боюнча макулдашылды. Алар Үч-Коргондун ичиндеги Кербен — Таш-Көмүр жолун мыйзамсыз тосуп алышкан экен, ал боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда жол ачык», — дейт аппарат башчы.