Кыргызстандын социалдык тармактарына жаңы үйлөнүп жаткандардын трактордун жүктөгүчүнө түшүп алып айылдын көчөлөрүн кыдырып жүргөн видеосу тарады. Өзгөчө кортеждин видеосу Sputnik Кыргызстан агенттигининин Телеграм-каналына жарыяланды.
Видеону тарткан бала Жалал-Абаддын Аксы районунун айылдарынын бирине үлпөт тойго барганын айткан.
«Ак-Жол айыл өкмөтүндө коноктобуз. Көрдүңөрбү? Жаштар азыр айыл техникасы менен эле никесин каттатууга бара жатышат»,- деген видеонун автору.
Трактордун артынан бир нече автоунаа жана маршрутка коштоп баратканын көрүүгө болот. Ошондой эле үлпөт тоюнун ыры жаңырып жатат.









