Аксы районунда сел агызган алты баланын төртөө бир туугандардын балдары болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маркумдардын жакындары билдирген.
Алардын айтымында, төртөө сел агызып каза болгон 63 жаштагы аялдын кызынын жана уулунун балдары. Анын ичинен 12 жаштагы кыз менен 7 жаштагы бала аялдын жээн неберелери эле. Жаратылыш кырсыгы алардын 40 жаштагы энесин да алып кеткен. Сел аялдын уулунун 16 жана 3 жаштагы кыздарын кошо агызган. Учурда 3 жаштагы наристенин сөөгү табылбай жатканы кошумчаланды. Көз жумган үй-бүлөнүн туугандарынын айтымында, аялдын 40 жаштагы кызы үй-бүлөсү менен Бишкекте жашачу.
«Кырсык болгонго чейин ал эки баласын алып айылга жайкы эс алууга барган. Алардын артында 18 жаштагы уулу жана жолдошу калды. 16 жана 3 жаштагы бир тууган кыздар да чоң энесинин үйүнө Таш-Көмүр шаарынан жайкы эс алууга барган. Сел жүргөн маалда чоң эне төрт небереси жана кызы менен Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылындагы үйүндө болчу. Алар чатырда жашачу эмес, бул маалымат чындыкка дал келбейт», – дешти маркумдардын жакындары.
Селден көз жумгандардын сөөгү кечээ, 13-июль күнү Жолборсту айылында жерге берилди.