Жекшемби, 15.02.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Акыйкатчы чет өлкөлүк жарандар убактылуу кармоо борборунда кор болушканын айтып чыкты

16:46 16.01.2026
0
Акыйкатчы чет өлкөлүк жарандар убактылуу кармоо борборунда кор болушканын айтып чыкты

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүй облусундагы чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоо борборунун (мурдагы “Ганси” аскердик базасынын) шартына жана кармалгандардын укуктарынын сакталышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирет. Акыйкатчы мамлекеттик органдарды институттун кызматкерлеринин кесиптик ишмердүүлүгүнө тоскоолдук түзбөөгө чакырат.

Акыйкатчы институнун кызматкерлерин аталган борбордун аймагына эки ирет киргизбей коюшкан. Институттун кызматкерлери 2025-жылдын 28-октябрында чет өлкөлүк жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүгө барып, борборго кире алышкан эмес. Аталган факты боюнча акт түзүлүп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Аскер прокуратурасы мыйзам бузууларды жоюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын дарегине сунуштама киргизген. Анын негизинде мыйзам бузууга жол берген жооптуу кызматкер тартиптик жазага тартылды.

Ошондон кийин гана, 2025-жылдын 3-ноябрында Акыйкатчы Институтуна борбордо мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында, чет өлкөлүк жарандарды кармоо шарттарында жана алардын укуктарынын сакталышында олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган. Мониторинг учурда борбордо 160 адам кармалып турган. Борбордун санитардык-гигиеналык шарттары канааттандырарлык эмес абалда. Имараттын ичиндеги дааратканалар жабык болуп, короого үч биотуалет орнотулган. Борбордун имараты эки блоктон туруп, анда жылытуу системасы жок болгондуктан төрт бөлмөсү гана кондиционерлер менен жылытылат. Калган бөлмөлөрдөгү кондиционерлер иштен чыккандыктан, имараттын көпчүлүк бөлүгү суук. Борбордун короосунда жайгашкан душ кабиналары болсо убактылуу, колдо жасалган конструкция түрүндө курулган. Ошондой эле, борбордун штатында ашпозчу болгонуна карабастан, чет өлкөлүк жарандар тамак-ашты өздөрү сыртта даярдайт. Бул мекеменин жооптуу кызмат адамдары кармалгандарды туура жана коопсуз тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча милдеттерин аткарбаганын көрсөтөт. Мындан тышкары, кармалгандарда туугандары, адвокаттары жана котормочулары менен байланышууга мүмкүнчүлүк жок.

2025-жылдын декабрь айында борбордо кармалган чет элдик жарандын жактоочусу кайрылып, институттун кызматкерлери кайра барышкан. Бирок институттун кызматкерлерин бул жолу да киргизүүдөн баш тартышып, контролдук-өткөрмө пунктунда кошумча уруксат талап кылынган. Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө кайрадан тоскоолдук көрсөтүлгөндүгү боюнча акт түзүлүп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гүлжамал Абылкасымова

Гүлжамал Абылкасымова

Окшош

Камчыбек Ташиев Бишкекке учуп келди

Камчыбек Ташиев Бишкекке учуп келди

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:21 13.02.2026
0

Бүгүн, 13-февралда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди Бишкекке учуп келди. 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун...

Бишкекте авария катталган учурдан тартып шаар тургундарына жылуулук берүү токтотулган жок

Бишкекте авария катталган учурдан тартып шаар тургундарына жылуулук берүү токтотулган жок

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:48 12.02.2026
0

7-Апрель көчөсүндө (Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде) диаметри 900 мм болгон жылуулук түтүгүндө авариялык мүчүлүштүк катталган. Аварияны жоюу максатында...

«Бишкек жылуулук тармагы» 7-Апрель көчөсүндөгү аварияны жоюуда

«Бишкек жылуулук тармагы» 7-Апрель көчөсүндөгү аварияны жоюуда

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:47 12.02.2026
0

7-Апрель көчөсүндө Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде жылуулук тармагында авария катталганына байланыштуу «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы тарабынан оңдоо-калыбына...

#Күнсереп: Жогорку Кеңештин төрагасы Маматалиев болобу?

#Күнсереп: Жогорку Кеңештин төрагасы Маматалиев болобу?

Автор Эдита Ильясова
12:30 12.02.2026
0

Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу буга чейин айтылып жаткан кептерге чекит койду. Ал бир же эки...

№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:11 10.02.2026
0

Кечээ, 9-февралда №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. «Кыргыз Республикасынын Президентин...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
БШК Алтынбековду, Мамытовду жана Карабекованы №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары болуп шайланды деп тааныды

БШК Алтынбековду, Мамытовду жана Карабекованы №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары болуп шайланды деп тааныды

13:09 14.02.2026
БШК Алтынбековду, Мамытовду жана Карабекованы №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары болуп шайланды деп тааныды

БШК Алтынбековду, Мамытовду жана Карабекованы №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары болуп шайланды деп тааныды

13:09 14.02.2026

АРХИВ

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
« Янв    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү