«Жаңы кызматка келгенде кыргызча билбеген, саат 6 болору менен үйүнө жөнөгөндөрдү көрдүм». Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.
«Институттун ишин дароо башка нукка бурдум. Акыйкатчы кызматына келгенде «мен кыргыз тилин билбейм, мага кыргызча арыздарды бербегиле» деген кызматкерлер бар экенин көрдүм. Айрымдар саат 6 болору менен иш убактысы бүттү деп кетип калышат. Мен жана башкалар кабылдамада күтүп отурганыбызга карабай… Кээде чуулуу окуялар дем алыш күнү, кээде түн ичинде да болот. Анан ошол убакытта тапшырма берүүгө туура келет. Ыкчам чара көрүшүбүз керек», — деди Атыр Абдрахматова.











