Жарандык жана саясий укуктарды коргоо боюнча иш өз нугунда жүргөн экен. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирип, ал мурдагы Акыйкатчылардын кандай иштегенин айтты.
«Бирок социалдык-экономикалык укуктардын сакталышы, корголушу жаатында иш азыраак болгон. Тилекке каршы, балким буга чейин Акыйкатчы болуп жалаң мырзалар иштеген үчүнбү айымдардан үй-бүлөдөгү зомбулук, балдардын укуктарынын бузулушу боюнча арыздар аябагандай аз түшкөн. Түшкөн арыздарды анализдеп көрсөм, балдар укуктарынын бузулушу, алимент, балдарды сыртка чыгарып кеткенин боюнча экен. Мисалы, Ош облусунда бир жума жүрдүм. Ошондо да айымдар кайрылып, айтышты. Мен алардан эмнеге кайрылган эмес элеңер десем, «эркектерди көрүп уялчубуз» дешти. Ошол үчүн бул жаатта иштеш керек. Финансылык пирамида боюнча да иштер жакшы жүргөн эмес», — деди ал.










