Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) барды.
Жумуш сапардын алкагында Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жана “Digital Almaty 2024: Индустрия X” эл аралык санарип форумуна катышат.
Мындан тышкары, ал бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.