Коррупцияга каршы күрөш жыйынтык бербей жатат. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңеште билдирди.
Ал коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынганы менен маселени чечүүдө жылыш жок экенин моюнга алды.
«Коррупция өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизүүдө. Эки жыл ичинде мамлекеттик кызматкерлерге карата 16 миң 639 кылмыш иши козголсо, анын 12 миңине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып коюлган. Көрсө, күн сайын мамлекеттик кызматкерлер тарабынан алты-жети кылмыш болот экен», — деди ал.
Акылбек Жапаров аткезчиликти экономиканын дагы бир оорусу деп атады.












