Акылбек Жапаров ооруканага жаткырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 28-апрелде эртең менен Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу түшкөн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

«Өткөрүлгөн электрокардиография жана коронарография процедуралары инфаркт миокардды тастыктаган жок, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталган. Учурда Министрлер кабинетинин башчысынын ден соолугунун абалы туруктуу, канааттандырарлык. Дарыгерлердин консилиумунда Акылбек Жапаровдун ден соолугун ооруканада жатуу шартында калыбына келтирүү чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.