Акылбек Жапаров: «Теңгиз Бөлтүрүктүн күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот гана аныктайт»

Теңгиз Бөлтүрүктүн күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот гана аныктайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге билдирди.

«Дагы бир жолу айтып коюшум керек, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн. Азыр зыян тууралуу Эсеп палатасынын алдын ала чыгарган жыйынтыгынын негизинде маалымат берилип жатат. Биз эми мындайлардын далайын башыбыздан өткөргөнбүз. «Кумтөр» өзүнүн жумушун так аткарып жатат. Бир дагы грамм алтын сыртка кеткен жок. Президент Садыр Нуркожоевич парламентти дагы, оппозицияны дагы чакырды, комиссия түзүп алып келсеңер алтынды кантип казып алабыз, каякта сактайбыз, кантип сатабыз, баарын аларга көрсөткөнгө макулбуз. Алардын сунуштарын күтүп жатабыз. Фейсбуктан эле биз болобуз деген сөздөрүнөн башка мага сунуштар келе элек», — деди ал.