Төкмө акын Болот Назаровго 10 жыл сураган прокурор боюнча Зулушев эмне дейт?

Бүгүн, 31-январда Бишкекте башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын өткөрдү. Анын жүрүшүндө иши кыскартылган төкмө акын Болот Назаровго 10 жыл сураган прокурор боюнча суроолор болду.

“Ал сотто катышкан прокурордун өз эрки, ага басым көрсөтүү болбойт. Эгерде ал күнөөсү бар деп санаса, соттон мыйзам боюнча сурайт. Катышкан прокурор ошол максатта 10 жыл сурап жатат. Ишти эң жакшы ошол прокурор билет”, — деди ал.