Кечээ, 16-августта Ысык-Көлдөгү төрөт үйүндө акыреги сынган ымыркайдын атасы Аман Кыдыралиев дарыгерлерди шалаакылыкка айыптап, президент Садыр Жапаровго кайрылган. Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө болгон окуя боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирген. Андан соң ал окуя тууралуу оорукананын директорунун төрөт боюнча орун басары Рыскан Алдашева билдирүү таратып, ал Саламаттыкты сактоо министрлигининин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ымыркайдын атасы кайрылып, дарыгердин сөзү калп экенин айтып, министрдин орун басары дарыгер калп айткан үчүн видео өчүрүлдү деп билдирген болчу.
Редакция видеонун өчүрүлүшү боюнча Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков менен байланышты. Ал «видеодогу айтылгандар калп» деп айтпаганын билдирди. «Менин сөзүм бурмаланып кетиптир. Калп деген сөз болгон эмес. Министрлик комиссия ишин бүткүчө видеолорду жарыялабай турууну чечти. Маалымкат даярдалууда. Даяр болгон соң гана позициябызды билдиребиз. Азыр нейтралдуу болууну туура көрдүк», — деди ал.