Онлайн чогулушта Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 11-майындагы буйругуна ылайык, быйылкы жылы республиканын аймагында орун алган 2 миң 296 мектепте 2020-2021-окуу жылынын “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чаралары коронавирус илдетине байланыштуу онлайн-форматта өткөрүү чечими кабыл алынгандыгы белгиленди. Салтанаттуу иш-чараларын өткөрүү учурунда, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында атайын иш-мерчем түзүлүп, күч каражаттардын эсеби такталды. Иш-чараларды өткөрүү учурунда, республика боюнча коомдук тартипти камсыздоого 3391 кызматкери милиция тартылат. Ошону менен бирге ички иштер органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилери бул иш-чараларга жооптуу болуп бекитилди.
Токтогулдагы «Арал» посту ачылды
Бишкек-Ош унаа жолунун Токтогул районундагы "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 12:50дөн тарта алынды....