Акыркы суткада Кыргызстанда 1 318 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
Алардын ичинен:
- Бишкек — 308;
- Ош — 170;
- Чүй облусу — 212;
- Ош облусу — 96;
- Ысык-Көл — 151;
- Талас — 89;
- Нарын — 41;
- Жалал-Абад — 134;
- Баткен — 117.
Жалпысынан 29-марттан бери Кыргызстанда 16 миң 73 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 382 адам вакцинанын экинчи дозасын алышты.
Кечээ, 23-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кытайдын «Синофарм» вакцинасы баардык каалоочуларга сайылып жатканын билдирген. Бул үчүн жарандар жашаган жериндеги бейтапканага кайрылышы керек. Эмдөө акысыз жүргүзүлөт.