22-январга карата коронавирус жуктурган 118 жаңы учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти. Анын ичинде Бишкек шаарында 47 учур катталса, Чүй облусунда – 23, Ысык-Көлдө – 14, Ош облусунда – 10, Нарында – 10, Жалал-Абадда – 8, Таласта – 4 жана Ош шаарында – 2 учур.
Бир күндүн ичинде 2 киши каза болуп, 3 миңден ашык ПЧР тесттер алынды. 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда 83 703 кишиден вирус аныкталды.
Дене тарбия жана спорт агенттигиндеги аудит: Финансылык тартипти камсыз кылуу боюнча көзөмөл жетишсиз деңгээлде болгон
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде жана анын түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүндө 2024-жылга бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгында финансылык тартипти...












